Ал камакта 3-майга чейин болот.

Анын баш коргоо чарасын судья Чыңгыз Бердимуратов 4 сааттай карады. Осмоналиев сотко кечээ, 4-мартта болжол менен саат 18:00 чамасында жеткирилген. Ал эми чечим саат түнкү 01:00гө жакын чыгарылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Осмоналиев 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингди уюштурган. Осмоналиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси (бийликти күч менен тартып алууга аракет кылуу) боюнча айыпталып жатат.

Булак: Баракелде