Бүгүн, 4-мартта түштөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуу улантылды. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар, алардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин жактоочулар тергөө абагына камалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтиришкен. Судья Марат Сыдыков тыныгуудан кийин чечимди жарыялады, өтүнүч канааттандырылган жок.

Мындан тышкары жактоочулар кылмыш иштен айрым беттештирүүлөрдү алып салууну суранышкан.

Судья кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Булак: Баракелде