Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуялары боюнча алдын ала угуулар өтөт. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө.

Айыпталуучулардын тизмесинде мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, ЖКнын КСДП фракциясынан депутаттары Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев, ЖКнын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев жана башкалар бар. Жалпы жонунан 14 кишиге айып тагылган.

Тергөө менен кызматташууга макул болгондордун иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Булак: vesti.kg