Бишкекте абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабынын кеңсесине мөөр басылып жабылды. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында жактоочу Бактыбек Жумашев жазды.
«Эртең менен Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсесине мөөр басылып жабылды. Тинтүү жүргүзүлдү. Демек, сотко чейинки өндүрүш башталып, жакында кимдир-бирөөлөргө кылмыш жасаганы боюнча шектенүү тууралуу билдирме берилет», - деп жазган ал.
Vesti.kg сайтына берген маегинде Жумашев мурдагы депутаттын тарапташтарынын жактоочусу эмес экенин тактады.
- Биздин кеңсе алардын штабынын жанында жайгашкан, - деди ал.
Булак: vesti.kg