ИИМнин кызматкери ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматовага Садыр Жапаровду колдогоо арналган бүгүнкү митингге келбөөнү сунуштаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү айтып берди.

Мурдагы эл өкүлүнүн айтымында өткөн жумада ага тууганы телефон чалып, ИИМнин өкүлү болуп кафеде жолугууга чакырган.

- Жекшемби күнү Бишкектеги кафелердин биринде ИИМнин кызматкери менен маектештим, - деп тактады Айтматова. - Ал сыпайы сүйлөп, саясий талаптар мыйзам чегинде айтылышы керектигин эске салды. Биз кафеде чай ичип отурдук.

«Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү азырынча митингге баш багып кетеби же жокпу чече элек. Бүгүн анын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин иши боюна сот өтөт.

- Бүгүн жолдошумдун соту өтмөк, ал жерде боломбу билбейм. - Менимче, бул жазгы сезондун алдындагы көрсөтмө митинг болот.


Булак: VESTI.KG