Митингдин боло турган күнү улам жакындаган сайын анын тынчтык мүнөздө өтүшүнөн күмөн санаткан жагдайлар улам арбып баратат. Мунун танып эмне? Мисалы, эки-үч күн мурда соцтармактарга С.Жапаровдун колдоочусу катары мүнөздөлгөн адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү жарыя кылынды. Алар бийликти кетирүү, басып алуу жаатында сүйлөшкөн. Буга окшогон маалыматтар көп.

Бирок, ачыгын айтканда, митинг башкаруучусу болбосо, чоң бир нерсеге айланып кетиши мүмкүн эмес. 2005-2010-жылдарда элдин бийликке карата нааразычылыгы чындап күчтүү болгон жана аларды конкреттүү оппозиция лидерлери баштап чыккан. Башкаруучусу жок митинг сөөлжанды элестетет, лопатка менен чапсаң экиге бөлүнүп, эки жакка жылып кетет. Дал ошондуктан, кимдир бирөөлөр мына ушул башкаруучунун же “дирижердун” ролуна ылайыктуу талапкер издегенге өтүштү. “Кимдир бирөөлөр” ким болушу мүмкүн? Биринчи ойго келгени - бийликке жакын күчтөр, экинчиси, ушул шылтоо менен шайлоо алдында саясий каршылаштарын элге бокочо көрсөткүсү келген партлидерлер. Сценарий да белгилүү – тополоң чыгып кетсе (провокаторлор жетиштүү) аны кимдир бирөөгө оодара салуу. Ачыгын айтканда, мындай талапкерди алыстан издештин дагы кереги жок эле, бул – Садыр Жапаровдун саясаттагы да, турмуштагы да досу, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.

Кечээтен бери “tezkabar.org” аталышындагы, кайсы бир саясий топко жакпагандардын артынан ушак, фэйк маалымат таркатуу максатын көздөгөн интернет-ресурс аркылуу ушул тема көтөрүлө баштады. Темасын окусаңыз түшүнөсүз: “2-марттагы митингдин “дирижеру” Камчыбек Ташиевби?”, экинчиси – “Жаз айындагы тополоӊдун артында ким турат, каражат кайдан келди?”.

“Ташиев жата берип зээригип, “атың чыкпаса аңыз өрттө” болуп буулугуп жүргөн. Эми мурдун жазгы митингдерге тыгып алган тура”, “...интернет булактарында тымызын уюштуруп жаткан адамдардын ысымдары аталды. Алар, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары, экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Бактыбек Калмаматов, Каныбек Осмоналиев, Турсунбай Бакир уулу, Жылдыз Жолдошева жана Садыр Жапаровдун үй-бүлөөсү”, “2-мартка белгиленген митинг жана бийликти күч менен басып алуу аракеттеринин башкы технологу  Камчыбек Ташиев” – деп, жүз пайыз ишеним менен жазып жатышат. Тобоо! Жакаңды кармагандан башка арга жок. Жалган айтуу чоң күнөө экенин унутуп калыштыбы?

Камчыбек Ташиев мекенчил инсан. Өлкөнүн келечегине чындап күйөт. Ал оюнда эмне бар экенин ачык айткан, ичинде кир кармабаган адам. Эгерде анын бийликке каршы кытмыры болсо тигилерге окшоп жашынып албай, ачык айтмак! Тымызын иш кылчу мүнөзү таптакыр жок. Саясатта жүргөн адамдардын баары муну жакшы билишет. Бул биринчиси.

Экинчиден, эл-жерин тынчтыгы К.Ташиев үчүн баарынан бийик турат. Саясатчынын Ош, Жалал-Абадда тутанган 2010-жылдагы өрттү токтотуу үчүн башын тобокелчиликке салганын көргөндөр бул сөздүн чындыгын жакшы билишет. 2013-жылы “Кумтөр” боюнча митингде да бийликтин элге күч колдонуп жатканына күбө болгону үчүн башка кээ бир саясатчыларга окшоп, чогулган тарапташтарын таштап койбой, качпай, аягына чейин бул башаламандык менен күрөшкөн.

Үчүнчүдөн, эгерде эсиңиздерде болсо, бул бийликтин келишине Камчыбек Ташиев абдан чоң салым кошкон. Анан өзү алып келген бийликке өзү каршы чыгабы? Бул кайсы логикага сыят? Маектеринде да ар дайым Сооронбай Жээнбековдун саясаты туура жолдо бара жатканын белгилеп келе жатат.

Төртүнчүдөн, ооба, К.Ташиев үчүн С.Жапаровдун тагдыры оор нерсе. Досунан ар дайым кабыл алып, үй-бүлөсүнө камкордук көрүп келе жатат. Бул адамгерчилик милдетин жогорку деңгээлде карманып келүүдө. А бирок, саясатчы катары К.Ташиев баралына келип турган учур. Парламенттик шайлоо алдында “Ата-Журт” партиясынын рейтинги бийик. Ал да жакын калды. Анан болбогон бир нерсе үчүн, чагымчылдарга кошулуп, кадыр-баркын төгүп ага эмне күч келди дейсиз?

Ачыгын айтканда, эртең 2-мартта боло турган митингде чагым уюштурууну көздөгөн күчтөр К.Ташиевдин досу үчүн уюштурулган митингге келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бардык тарапка бул керек. Ар кимдин өз максаты бар. Бирок, өлкөнү будуң-чаңга бөлөгүсү келген күчтөргө К.Ташиев дайыма каршы экенин унутпагыла!