Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык!

2020-жыл кыргызстандыктар үчүн тарыхый бурулуш жыл болот. Элдин эркин билдире турган чыныгы саясий окуя болгону турат. Бул күздөгү парламенттик шайлоо. Кылымдарды карыткан акылдуу элибиз бул жолу чыныгы адилеттүүлүк жолуна түшүп, өзүнүн татыктуу уу-кыздарын шайлап алат деп терең ишенем! Арабызда андай жарандарыбыз көп жана баардык жагынан бышып жетилишти.

Ошондой улдарыбыздын алдыңкы катарында Садыр Жапаров турат.

Урматтуу калайык!

“Жапаровду колдоо Элдик кыймылы” силерге кайрылат: 2020-жылдын 2-мартында, дүйшөмбү күнү, саат 13.00дө Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун мыйзамдык укугун коргоого арналган Элдик Тынчтык митинги болот. Бул инсандын татаал тагдырына кайдыгер болбогон Кыргызстан жарандарын чакырабыз! Митингде коюла турган талап бирөө эле: “Кумтөр" кени тууралуу сын пикирди ачык жана чынчыл түрдө айтып келгени үчүн камакта жаткан кыргыз элинин мекенчил, элим, жерим деп күйгөн эл уулу Жапраов Садыр Нургожоевич тез аранын ичинде мунапыс мыйзамы же ырайым кылуу буйругу менен боштондукка чыгарылсын!”

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу митингдин катышуучулары!

Кыргыз элинин акылдуу, токтоо кең пейил касиетин эске алып, алдыдагы Элдик Тынчтык митингди темирдей тартип менен, эч кандай баш-аламансыз өткөрүп алабыз деп ишенем. Бул жерде эч кандай саясий оюндар, мыйзамсыз талаптар жана зыяндуу провокациялар болбошу керек!

Урматтуу Президент!

Биз Сиздин коррупцияга каршы күрөшүңүздү толугу менен колдойбуз! Садыр Жапаровдун боштондугун оң жагына чечип берүүдө дагы эле болсо сот жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу аракеттерине үмүт артып турабыз! Элдин үнүн угуп, талаптарына көңүл буруп Жапаров Садыр Нургожоевичке мунапыс мыйзамын же ырайым кылуу аркылуу камактан бошотуп бериңиз! Биз, 2-мартта боло турган Элдик Тынчтык митингинде өлкөбүздүн коопсуздугун сактап, мыйзам бузууга жол бербейбиз!!!

Садыр Жапаровду колдогон эл Сиз тараптан адилеттүүлүк болоруна толугу менен ишенебиз!

Каныбек Осмоналиев,

“Садыр Жапаровду колдоо Элдик кыймылынынын” төрагасы.

25-февраль, 2020-жыл, Бишкек шаары