Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бала бакчалардын курулушу менен таанышуунун жүрүшүндө Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерин сынга алды. Соцтармактарда калаа башчысы аткаминерге шымын чечип, сапатсыз жасалган үстөлгө отуруп көрүүнү сунуштап жаткан видеосу тараган.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына Сарыбаевге эмне жакпай калганын айтып берди.

- Кечээ жаңы бала бакчалардын курулушу менен таанышуу өткөн, - деп түшүндүрүштү муниципалитетте. - Эки бала бакча кийинки айда ишке берилет. Текшерүү учурунда мэр үстөлдөрдүн шуруптары чыгып турганын байкаган. Ал эмеректерди жасаган ишкана менен аткаминерлерге жакында жаз келерин, демек балдар жука кийимчен болуп, бул буроолор буттарына сайыларын эскерткен. Андан кийин мэр ККБнын кызматкерине шымын чечип, үстөлгө отуруп, балдар отурганда кандай болорун байкап көрүүнү сунуштаган.

Сарыбашов «Эмеректердин сапаты курулуш маалында эле текшерилип, убагында оңдолушу керек болчу» деп белгилеген.

Булак: vesti.kg