Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Россияга жумушчу сапар менен барган КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Ал, КР менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалганын белгиледи.

"Бул жыл биздин алакалар үчүн пайдалуу болот деп ишенем. Кыргыз-Россия алакасы ар тараптуу өнүгүүдө. Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы бир катар жолугушуулар болгон. Быйыл да андай жолугушуулар болоруна ишенем", - деди ал.

Булак: Кабар