Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Набиевди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укукуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен районунун активине тааныштырды.
Адыбек Набиев - 1968-жылы Баткен районунун Говсувар айылында туулган. Кесиби боюнча юрист. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы кеңешчиси
Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Булак: Кабар