Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун кылмыш иши боюнча отурум өтмөк. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аскаровго козголгон кылмыш ишти кайра кароону сунуштаган.
Жактоочу Валерьян Вахитов кассациялык доо арыз жазып, соттун биринчи инстанциясына жөнөткөнүн айткан. Ал бүгүнкү отурумда доо арызга кошумчасы бар экенин билдирди.
Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар доо арызга кошулган кошумча маалыматтарды изилдөө үчүн убакыт сурашты. Соттук коллегия кеңешкенден кийин сот отуруму 6-апрелге жылдырылды. Судьялардын айтымында, убакытты үнөмдөө үчүн доо арызга кошулган маалыматтар соттун биринчи инстанциясына жөнөтүлбөй, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.
Булак: баракелде