Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына президент тарабынан сунушталган талапкерлерди карады.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев комитеттин мүчөлөрүнө талапкерлерди тааныштырды.
Талапкерлер:
- Мукамбет Касымалиев;
- Меергүл Бобукеева;
- Латип Жумабаев.
Мукамбет Касымалиев менен Меергүл Бобукеева 2019-жылдын ноябрында Конституциялык палатанын судьясы кызматынан бошотулган. Бул 7 жылдык мөөнөт аяктаганы менен байланыштуу болгон.
Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү 3 талапкерди тең колдошту.
Булак: Баракелде