Өкмөт “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сынын шайлоо өнөктүгү жакындап калганы менен байланыштырды. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин атынан таратылган билдирүүдө ошондой эле "мыйзам менен көйгөйлөрүн алигиче чече элек саясатчынын абалын эске алуу зарыл" деп айтылат. ​

“Айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок?" деген суроо коюлган.

Пресс-катчынын айтымында "карасанатай максаттарды көздөгөн саясатчылар" премьер министр Мукамметкалый Абылгазиевдин "отставкасын" көтөрүүнү өнөкөт кылып алышты.

Ошол эле мезгилде билдирүүдө белгиленгенге караганда өкмөт саясатчынын "эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес" деп эсептейт.

"Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында өкмөттү сындаган. Экономика, инвестиция тартуу, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп,өкмөттү "жалтак", "жетеленме болуп калды" күнөөлөп, муну "коркунучтун чеги" катары белгилеген:

"Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү."

Өмүрбек Текебаев партиялашы Дүйшөн Чотонов менен бирге 2017-жылы коррупцияга айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы бул өкүм жокко чыгарылып, үй камагына чыгарылышкан. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Быйыл 12-апрелде Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө парламентке шайлоо өтөт. 

Булак: Азаттык