Бүгүн Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу жараяны өтөт.
КРнын Жогорку сотунун маалыматы боюнча отурум бүгүн 14:30да башталат.
Эске салсак, буга чейин жаңы мыйзамдарга ылайык өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Чүй облустук сот тарабынан каралып, өзгөртүүсүз калтырылган.
Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин массалык башаламандыктарды уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышууге шектелип кармалган.
Булак: VESTI.KG