- Автандил Анисович, өткөн жумада 21 депутат парламенттик шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Босого учурунда беш пайыз болуп, анан жетиге, кийин тогузга жогорулатылган. Эми кайра түшүрүү аракеттери жүрүп жатат. Бул эмнеден кабар берет? Депутаттарыбыздын шайлоо алдындагы эсине келгендегисиби?
- Бул суроонун жообу коюлган маселенин түпкүлүгүндө жатат. Тагыраак айтканда, шайлоо босогосунун айланасындагы маселени объективдүү жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алышыбыз абзел. Бул Кыргызстаныбыздын бүгүнкү күндөгү мамлекет катары калыптануу процессинде экенибизден, андыктан “өсүү дартынан” арыла электигибизден кабар берет. Ошону мене катар, саясий салттардын калыптана электигин көрсөтөт.
Албетте, мыйзам менен тигил же бул маселени, же болбосо азыркы кеп болуп жаткан шайлоо босогосун так аныктап койсо болот. Бирок, коомдогу баардык маселе жалгыз гана мыйзамдар менен жөнгө салынбайт. Мыйзам деген эмне? Бул коомдогу калыптанып келе жаткан же болбосо калыптанып, туруктуу кубулушка айланган жана эң негизгиси коом тарабынан анык бир чекте жөнгө салууну талап кылган коомдук мамилени жөнгө салуу инструменти. Болгондо коомдук башка саясий, моралдык, техникалык жана башка көптөгөн механизмдердин бири гана.
Ошондуктан, шайлоо босогосун аныктоодо биз анын кайсы чеги коомдук практикага төп келеээрин эске алышыбыз керек. Бул мыйзам чыгаруунун негизги принциби. Ушул принцип мыйзамдын келечекте аткарылышынын кепилдигин түзөт. Айрым бир конъюнктуралык кызыкчылыктын негизинде мыйзам чыгарылса, аны коомдун кабыл алышы, аткарылышы күмөн жаратат. Учурда ушундай күмөндүү акыбалга келип такалдык. Мындан улам, депутаттардын азыркы аракеттерин, бир жагынан, “аша чаап кеткен экенбиз, оюн бузулду” деп түшүнсөк, экинчи бир жагынан, коомдук кызыкчылыктарды эске алуу катары таанысак болот.
- Шайлоо босогосун төмөндөтүүнүн зарылчылыгы деги эмнеде? Маселе олигархтардын парламенти болуп калышында элеби?
- Маселе олигархтарда да, жаштарда да эмес. “Азыркы Жогорку Кеңештин орточо жашы элүү жаш. 65 пайызы биринчи жолу депутат болгондор, почти 90 пайызы жаштар”- деп Текебаев айтты го. Тогуз пайыздык босого менен деле шайлоо өтөт.
- Шайлоо өткөнү менен жалаң акчалуулар, анан дагы административдик ресурс, добуш сатып алмайлар күчөйт да?
- Парламент дегендин өзү эмне? Бул коомдун күзгүсү. Ал күзгү коомдун жакшы жактарын гана көрсөтпөстөн, “кеселдерин” да чагылдырат. Парламентке колу таза, ниети ак, эл үчүн күйүп-бышкан мамлекетчил адамдарды ким шайлайт? Колу таза, ниети ак шайлоочулар шайлайт да. Демек, шайлоочулар өзүбүз саясий аң-сезим менен, жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек.
- Ошентсе да жаштарга биз үмүт арткандан кийин, аларга жол берип, колдош керек го...
- Жаштарды сөзсүз колдош керек. Бирок биз акцентти болочок депутаттардын жашына эмес, алардын билимине, илимине, коомдук жөндөмүнө жасашыбыз абзел. Ошондо да, биринчи кезекте бул маселени коомдук практика менен айкалыштырбасак болбойт. Кечээ-бүгүнкү тарыхыбызда жаштарды депутат, министр, премьер кылып дайындап келебиз. Алар коомдук ишеничти актадыбы? Жаштык кетет, из калат. Канчасы алгылыктуу эмгеги менен из калтырды? Жаштарды ишке койгонубуз менен, иштин көзүн таба албай, жыл айланбай “мен кеттим” болуп жатпайбы. Жаштыктан, билимден сырткары тажрыйба деген керек. Советтик мезгилде мамлекет комсомолдук, партиялык, советтик кызматтарга жаштарды атайын даярдачу. Кадр даярдоо, алар менен иштөө боюнча мамлекеттик саясат болчу. Мындай иштер советтик доор менен кошо “эсил кайран” болду.
Негизи учурдагы мамлекетибиздин социалдык-экономикалык абалын эске алып, тажрыйбалуу, профессионал адистерди, мамлекетчил инсандарды мыйзам чыгаруу бийлиги болобу же аткаруу бийлиги болобу кызматка чакырышыбыз керек. Жаштык менен өткүрлүктү тажрыйбалуу профессионалдар менен айкалыштырып кызматка койсок, мамлекеттин өнүгүүсү натыйжалуу болоору талашсыз. Ушуну чоңдорубуз эске алса жакшы эле болмок.
- Бирок, элибиз ушул “аксакал” саясатчылардан чарчадык деп жатпайбы?
- Туура айтат. Жакшы сүйлөгөнү менен ишинен майнап чыкпаган саясатчылардан мен деле чарчадым. Бирок, менин айтайын дегеним башка. 2005-жылдан баштап, бийлик кадрларды кызматка “биздин киши” деген принцип менен чакыра баштаган. Барып-барып бул туруктуу тенденцияга айланды. Анын акыбети мамлекетчил, тажрыйбалуу адистердин четке чыгып калышына алып келди. Аларсыз анан кантип мамлекет өнүкмөк эле?
Дагы бир маселе. Биз тажрыйбалуу адистерди кызматка алуу жолун да мыйзам менен бөгөп салдык. Аксакалдарды сыйлайбыз дегенибиз менен, мамлекеттик кызматка 65 жаштык чек коюп койгонбуз. Конституция боюнча 70 жаштагы адам президент да, судья да боло албайт. Бирок, тажрыйба, акылмандуулук, даанышмандык дегендин өзү ушундай жаштарга барып жетилип топтолот ко. Өз мамлекеттерин өнүгүү жолуна салган Ганди, Ли Куан Ю, Махатхир Мохамад дегендердин даанышмандыгы алардын жашынан кабар берип турат. Уинстон Черчилль 80 жашында Улуу Британиянын премьер-министри болуп, үзүрлүү эмгектенген. Биз да өзүбүздүн тажрыйбалуу, даанышман, мамлекетчил аталарыбызды жана агаларыбызды кызматка тартуубуз керек. Министр кылбасак да, анын кеңешчиси болуп иштеп беришсин. Мындан мамлекет гана утат.
- Шайлоо босогосуна кайрылып келсек. Сиздин жеке оюңузда кайсы чекке токтосок туура деп ойлойсуз?
- Тогуз пайызды колдоочулардын негизги аргументи саясий партияларды ирилештирүү менен парламентке аз сандагы партиялар келсе, Жогорку Кеңештин да, Өкмөттүн да туруктуу иштешине шарт түзүлөт деген ой болчу.
Бирок, артка сереп салсак, бул аргументтин жүйөсү үлпүлдөк экени кашкайып көрүнүп калат. Биринчиден, буга чейинки жети пайыздык чектин өзү жогорку босого. Мурунку СССРдин тутумунда пропорционалдык система боюнча парламент шайланчу. Кыргызстандан башка он республиканын сегизинде беш пайыздык чек орнотулган. Ал эми Арменияда – үч пайыз, Азербайжанда болсо эч кандай расмий чек жок. Казахстанда гана жети пайыздык босого.
Учурда дүйнөдө парламентке шайлоо босогосун төмөндөтүү тенденциясы жүрүп жатат. Ушундан улам, Европа Биримдигинин Парламенттик ассамблеясы шайлоо босогосун үч пайыздан ашырбоо керек деген сунуш менен чыккан.
Экинчиден, жогорку босого “саясий партияларды ирилештирет, парламентке аз сандагы партия келет” деген ойлор да “таш капты”. 2010-жылы босого 5 пайыз болгондо Жогорку Кеңешке 5 партия өткөн, 2015-жылы 7 пайызга көтөргөндө, андан да көп, 6 партия келип отурбайбы.
Партиялар болсо, ирилешпестен эле, кайра көбөйүп жатат. Бүгүнкү күнгө юстиция министрлигинде 226 партия катталды.
Демек, дүйнөлүк практика да, ата мекендик практикабыз да парламенттик шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айгинелеп турбайбы. Сиз айткан демилгечи 21 депутаттын сунушун калган эл өкүлдөрү колдоп, босогону 7 пайызга түшүрүүсү күндүн талабы го дейм.
- Босогону сүйлөштүк. Шайлоо тууралуу сөз болгондо эле сурай турган бир маселе бар да. Шайлоого катышуучу партиялар, анан саясатчылар тууралуу. Кечээ жакындан бери талкууга түшкөн “Биримдик” партиясы. “Бул бийликтин партиясы. Бийлик өзүнүн ишеничтүү кишилерин ушул партияга топтоп жатат. Асылбек Жээнбеков да ушул партиядан шайланат экен”- деген сөздөр көп. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Мен да угуп жатам андай сөздөрдү. Бул жерде эки маселе бар. Биринчиден, бийликтин партиясы болуш керек. Себеби бийлик - бул саясий күрөштүн предмети да, объектиси да, максаты да болуп эсептелет. Саясий күрөштүн негизги субъекти – бул партия, ошондуктан ал саясий мүнөзгө ээ. Ушундан улам, мамлекет башында ким турса да, ал президент болобу же премьер-министр болобу, өзүнүн программасын, саясатын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн аны колдогон саясий күч, партия болушу талашсыз аксиома. Биздин саясий системабыздын талабы ушундай. Бул өңүттөн алганда, бийликтин же аны колдоочулардын саясий партия түзүп, парламенттик шайлоого катышуусу мыйзам ченемдүү.
Экинчиден, Асылбек Жээнбековдун депутат болушуна эч ким чек кое албайт. Себеби Кыргызстандын ар бир жаранындай эле шайлоого жана шайланууга конституциялык укугу бар.
- Маселе моралдык жактан, бир тууган агасы президент болуп турганда депутаттыкка коюшу туурабы дегенде болуп жатпайбы...
- Түшүндүм. Менимче, моралдык да укугу бар. Себеби ал агасы президент боло электе эле үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Төрага болуп да шайланган. Башкача айтканда, Асылбек Жээнбековдун карьерасы анын агасынын президенттиги менен байланышта болбогон. Эгерде агасы президент болуп келип, анан инисин депутат, төрага кылса, анда “претензия” койсо болмок.
- Сиздин оюңузча, парламентке канча жана кайсы партиялар келет?
- Менимче, азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин келиши анык. Ал эми канча, кайсы партиялардын келиши жакында өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан кийин айкын болот ко.
Булак: “Майдан-пресс”