Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо дана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларын КР вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектөөдө.
Жолугушууга аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Согд облустарынын башчылары катышкан.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек ара маселелерин чечүү боюнча мындай жолугушуулардын жана биргеликте жургүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
«Күнөстүү кыргыз жергесинен сиздерге салам айтам. Байыртадан эле кыргыз жана тажик элдери жанаша жашап, оор учурда бири-бирине жардам берип келген. Учурда күн тартибинде турган маселелер элдин жыргалчылыгы, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакынкы арада чечилет деп ишенебиз», — деди Мадумаров.
Өз кезегинде Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кесиптешин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле кыргыз тарап менен маселелер өз ара түшүнүшүү жана жылуу коңшулук маанайда чечилерине үмүт артарын билдирди.
Жыйында өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук чиймеси боюнча мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара коопсуздугун жана кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланды.
Булак: elgezit.kg