Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү кадрдык өзгөрүүлөр боюнча буйрукка Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул кабарды өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Жогорку Кеңештин 20-февралындагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдерине жумушун тапшыруу боюнча сунуш берилгенин билдирген. Ал өкмөттө кадрдык алмашуу бат жүрүп жатканын сынга алып, жогорудагы эки райондун акимдерин арыз жаздырып, иштен кетирүү аракети болуп жатканын айткан эле.

Эркинбек Маматаев Ноокен районунун акими болуп 2017-жылы дайындалган. Ал эми Айбек Бегимкулов Базар-Коргон районунун акими кызматында 3 жыл эмгектенген.

Булак: Маралфм