Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, анын жүрүшүндө өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди. Вице-премьер-министр Мадумаров Акрам Камбаралиевич: «Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга, кыргыз элине кызмат кылууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», - деди.
Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалганын, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы 12-февралда билдирген.
А.Мадумаров бул кызматка келгенге чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.
Алгач көпчүлүк коалиция, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жана парламент анын талапкерлигин карап, жактырган болчу.
А.Мадумаров буга чейин вице-премьер-министр болуп иштеген Жеңиш Разаков Парпиевичтин ордуна келди.
Булак: Баракелде