Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-февралдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Бузуулар жөнүндөгү кодексине, автомобиль жолдору жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатат. Автомобиль жолдоруна байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүп, чечүү жолдорун караган мыйзам долбоору менен демилгечилердин бири — депутат Марлен Маматалиев презентация аркылуу тааныштырды.
Бүгүнкү жыйынга Транспорт жана жолдор министрлигинин автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу, Транспорт жана жолдор министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев келишкен.
Жыйында сөз алган Зиядин Жамалдинов: «Аида Камчыбековна, министр өзү каякта жүрөт? Министр жок го. Эч качан Жогорку Кеңешке пленардык жыйынга келбейт, комитеттерге келбейт. Министр эмне иш кылып жүрөт?», - деп сурады.
Төраганын орун басары Аида Касымалиева: «Комитеттин чечими боюнча чакырылгандар… Транспорт, коммуникациялар комитети, министр чакырылды беле?», - деген суроо узатты. Бирок эч ким жооп берген жок.
Депутат З.Жамалдинов: «Мындай маселелер каралып жатканда министр сөзсүз түрдө чакырылышы керек. Өткөндө министрдин орун басары, департаменттин директору кармалып жатат (пара менен). Бир жыл мурда министрдин орун басары кармалганда (пара менен) министр жумуштан кетти эле. Дагы президент айтышы керекпи? Жаз десе анан жазабы?», - деди.
10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Министрдин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен аталган агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.
Булак: Баракелде