Аталган фонддон билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Аалиев 2019-жылдан бери фонддун башкаруучулугунун мүчөсү болгон. Буга чейин өкмөттүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүн башкарган.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун мурунку төрагасы Эркин Асрандиев болгон. Ал 6-февралда вице-премьер-министр кызматына дайындалган.
Булак: Кабар