Кыргызстан Эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери толук кандуу мамлекет болуп өнүгүп кете албаган, бечел баладай абалга кантип кептелдик? Ушундай суроолор азыр ар бир келечекти ойлогон жарандардын мээсин катырып, жүрөгүн оорутуп, жашоосун туңгуюкка батырып турган кез. Элин жумуш менен камсыз кылалбастан, тонолуп, таланып, бош калган казынасын тиктеп отурган өлкөгө кантип айландык?
   
Ошол өз алдыбызча мамлекет катары жарыяланган алгачкы жылдары Союздан калган завод, фабрикаларды бийликтеги алдым-жуттумдар азыр май көл, сүт көл турмушта жашап жатышкандыгы да жашыруун эмес. Алар убагында тамагынан “илинип” алган, сырттан келген кызыкчылыгы чоң чет элдиктердин гана буюртмасын гана аткарышууда десек да жаңылбайбыз. Коомдук, атуулдук  муктаждыкты эске албастан, завод, фабрикалар тонолуп, сатылып, жумушсуз жарандар сыртка чыгып кетишкендигине да 28 жыл болду. Бул деген үстүбүздөн карап турган сырткы күчтөрдүн Кыргызстанды талкалоо программасы аткарылды дегендик. Мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгон алар “эртең эмне болобуз, Кыргызстан мамлекет, Эгемендүү бойдон сакталып калабы, жокпу?”- деп ойлонушпаган менен бул суроо чет өлкөдөгү бизди түйшүккө салып келет. Эми жалгыз эле эл башчылаарды күнөөлөбөстөн , атуулдук  коомго да бир жактан айта турган сөз бар. Кайдыгерлик, жашоого болгон жеңил көз караш, жоопкерчиликсиз мамиле, жерлердин сатылышы, ысырапкерчилик баары келип элди туңгуюкка кептеди. 
Бир жагынан  шайлоонун шайтан оюндары, карапайым элдин болор-болбос акчага добуштарын сатуусу аң-сезимибиздин жетиле электиген келип чыгууда. Мамлекеттин так,  стратегиялык өнүгүү планынын жоктугунан, ааламдагы глобалдуу өзгөрүүнү кабыл ала албай, коомдук системага көңүл бөлбөстөн, улуттук менталитетти эске албастан, башка  бир мамлекеттерди тууроо аркылуу иш алып барышууда. Аны “Кой-Таш” окуясы да  далилдеп койду. Бул трагедиянын түбү тереңде жатат... Офицерлердин мамлекетин сырттан кирген душмандардан, террорчулардан коргоодо эмес, ички пикир келишпестиктин курмандыгы болушу өтө өкүнүчтүү.
Биринчиден, өз мамлекетине чын дилден кызмат кылам деген азамат уулдарыбыздын күчүн максатсыз колдонуп, баа-баркын түшүрүп койдук. 
Экинчиден, энени кан-жандан бүткөн баладан көз көрүнөө ажыратып, ок атуу, тынч күндөрдө кайгы-капага салуу сөз менен айтып жеткире алгыс орду толгус жоготуу. 
Үчүнчүдөн, пландуу түрдө, күн мурунтан, экс-президенттин өзүнө “бункер” жасап, таш чогултуп, курал-жарактарды камдаган арсыздыктын, айласыздыктын курмандыгы болгон жана жаракат алышкан офицерлердин, жоокерлердин тагдырлары аянычтуу.
Ошондой эле башына таш тийип оор жаракат алган Чүй обл. милициясынын начальниги Самат Курманкулов майып болуп калды. 
Андыктан “Кой-Таш” окуясына катышып, ошол окуяга аралашкан аялдарга эне катары кайрылгым келди.
Силер эр азамат баласынан ажырап калган менин ички күйүтүмдү билесиңерби? Азыр өздөрүн бийликтин куугунтугуна кабылдык жеп жар салып жүрүшкөн Асел, Ирина, Кундуз! Силердин да балдарыңар барбы? Кундуз, 5 жашар кызыңды элге көрсөтүп бооруңа кысып көрүнөсүң. Эмне, сенин балаң башкачабы? Бүт өмүрүн Кыргызстандын кызыкчылыгына арнап, 47 жашында окко учкан менин балам Ниязбеков Үсөндөн да ашыкча жаны ширинби? 10 жыл түрмөдө олтурсаңар тирүүсүңөр, келесиңер, же “жаш балалуу кылмыш жасаса камалбайт”- деген эмне мыйзам барбы? 
Бирок менин балам эч качан келбейт! Атамбаевди туура жолдон силер азгырдыңар. “Кой-Таш” окуясынын күнөөкөрлөрү силерсиңер. Акылыңар жетпесе үйдө олтурбайсынбы, 5 жашар кызың менен. Эненин баласы эмес, жыландын да баласы өлбөсүн. Ушул каргашалуу окуядан ким, эмне утту?  Силер кайра элди ынтымакка, бейпилдикке чакырсаңар болмок. Бирок силер кыйратуучулукка алып келдиңер. Койташтыктар бир ишкана долбоор менен 500 же 1000 адамдык  иш орундуу завод же фабрика ачтырсаңар Атамбаевдин аты түбөлүккө калбайт беле. Атамбаев түрмөгө олтурушу керек беле?. Жок, менин да ичим ачышат. Кыргыз элинин эл башчыларын өзүбүз шайлап, өзүбүз кубалашыбызга ким күнөөлүү деген суроого жооп издеп, таппай келем. 
Арадан аз гана убакыт өттү. Адамдын ыймандык касиети, билими жана мекенди сүйүү  сезимине жараша иштегенде өлкөбүз алдыга жылат эле. Мынчалык оор жоготуу жана саясий тирешүү, так талашуу болбойт беле?
1990-жылдагы Ош коогалаңынан баштап канча энелер боздоду. Ош окуясы, Аксы окуясындагы 5 жаш жигиттер, Апрель окуясындагы 90 жигит, 2010-жылкы Ош окуясы саны белгисиз боюнча калды. Акыркы август окуясындыгы менин уулумдун  өмүрүнүн кыйылышы... Бул кайгыны душманыма да каалабаймын. Парламент башкарган өлкөгө айландык деп көкүрөгүбүздү кагып сүйүндүк. Бирок жоопкерчилик кайда, ким милдетти алат? Кандай башкаруу болбосун, мыйзамсыз байыгандарды кустуруп, тышкы карыздарды төлөөгө жумшалса, эл да ишенмек. 
Бийликте 28 жылдан бери отургандар эмне кылып жатышат? Канча жаштарыбыз сыртта жүрүшөт. Кыргызстан ар бирибиздин мекенибиз, бирок 28 жылдан бери бөлүнүп-жарылуу, трайбализм илдетинен арыла албай койдук.  
Өз мекениндеги мыйзмды сыйлабастан, өзүнчө текбердик, менменсинүү  менен “Кой- Таш” деген кичинекей республика жасап, тегерегине бандиттик  аракети менен эл топтоп  курал-жарак менен, Гитлердей коргонуучу бункер жасап алгандыгын баарыбыз эле көрүп турбадыкпы. Демек, ал жердегилердин аракети террорчулук менен барабар. Ага Малекеттик коопсуздук комитетинин атайын каралган отряды барып күрөшүүсү туура болгон. Ошондуктан алар өз милдетин аткарышты. Ошондой шартты түзүүгө Атамбаевдин айланасындагы курчап турган чөйрөсүнүн эбегейсиз таасири болду. Алар кимдер? Биздин парламентте иштеп, эл үчүн күйүмүш болгон депуттатар. Анвар Артыков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Карамат Орозовалар. Мындан тышкары Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков дагы жана башкалары болушту. Менин уулум Атамбаев менен дуэлге чыгып окко учтубу? Жок! Мекенде туруктуулук болсун деп уюштурулган кылмыштуу топ менен күрөштү. 
Атамбаев президент кезинде Улуттук коопсуздук комитетине кокусунан келип калган адамдардын кесепетинен менин уулум окко учту. Кылмыштуу топтун уюштуруучуларынын бири Абдил Сегизбаев деп да айта алам. Ал чет элдин программасы менен күчтүү кадрларды жоготуп, өлкөнү алсыздандыруу планы болгондой.  Ал  эмгек жолун Сорос фондунан  баштаган, колунда аскердик билети жок туруп генерал-майор наамды алган. Ал аялсымак, башкача, майда ойдо болгон, “байдын жаман токолундай”  эркекти Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин 4 жыл башкартып коюп, Атамбаев чоң жанылыштык кетирип, өзүнүн да түбүнө өзү жетти. Себеби чатакты атайлап уюштуруп, “Альфа” тобунун барышына мажбур кылды. Атамбаевди мурда эле кармаса болмок. Негедир башында эле чечкиндүүлүк кыла алышпады. Кантсе да бир кездеги азыркы президентибиздин досу болгондугу роль ойнодубу? 
Атамбаевдин айланасындагы жогоруда айткан депутаттар жана коомдук ишмерлер күнөөлүү. Эми булар мыйзам боюнча жоопко тартылууга тийиш. Ал эми “Альфанын” жоокерлери өз милдетин, кесиптик милдетин аткарышты, канчалык запкыга чыдашты. Жалпысынан ошол күндөрү 200гө жакын адам жабыркаптыр. Жоокерлер курал колдонбостон, ошол күчкө туруштук берип сабырдуулук, токтоолук менен чыдап, кан төгүлүүсүнө жол беришпеди. Бул алардын элин сүйгөндүгү жана мекенчилидик сезими. 
Ошондой эле чоң эрдикти 8-августта генерал Курсан Асанов жасады. Ага “Эл Баатыры” деген наам бериш керек деген ойдо болчумун. Себеби элди кандуу кырсыктан сактап калды. Бир гана мени өкүндүргөнү уулумдун өзү бир кезде кызмат кылган президент тарабынан каза болгондугу. 
Канча душмандар менен күрөшүп, Африкага барып, БУУнун алдындагы тынчтык орнотуу миссиясын аткарып жүрүп өлбөгөн өз элибиздеги ички душмандан ажал тапты. Балам  убагында медициналык жардам көрүлбөй калып кансырап, кан ичине толуп калгандан көз жумду. Соттук медициналык экспертизасында көрсөтүшүптүр. Каргашалуу окуяда өз убагында жардам көрсөтүшсө балким тирүү калат беле? 
Санкт-Петербургга бир нече биздин депутаттарыбыз барып атышат. Бирок көпчүлүгү мигранттар менен жолугушуу тууралуу ойлошкон да жок. Бир гана Асылбек Жээнбеков спикер кезинде мигранттар менен жолукканда алып баруучу болгон элем. Ал тургай Карамушкина менен үч жолу бирге олтуруп чай ичишкендигим эсимде. Бирок ал бир  жолу көңүл айтып койгонго жараган жок. Көрсө, ичинде ит өлгөн, бузуку, Кыргызстанды бөлүп-жарып, туруксуздук орнотууну гана каалаган аял турбайбы. Ал эми башка көңүл айтып барган депутаттарга ыраазчылыгымды билдирем. Мындан тышкары интернет аркылуу кайгымды тең бөлүшүп, көңүл айткан кыргыз, казак мекендештериме ырахмат айтам.
Эми кантип ушул туңгуйук кризистен чыгабыз? Качанга чейин бир чөйрөдө, бир мамлекетте жашап жүрүп эки жээкте туруп алып бири-бирибизди, бийликтегилерди жек көрүп жашайбыз? Мамлекетти кимдир бирөө башкарыш керек да. Ар бир адам өзүнө-өзү баа бериши да керек го. Ийгилиги менен кемчилигин таразага салуу зарыл деп айткым келет. Бири-бирибизден өч алуу деңгээлинен көтөрүлүп, экинчи  мындай окуя кайталанбасын деп ойлонобуз?
Акаевдин илимий программасын колдонуп, Бакиевди чарбалык жумушка, Отунбаеваны  колунан келген каражат топтогонго, Атамбаевдин байлыгын мамлекетке өткөрүп берүү пайдалуу эмеспи? 
Тарыхый бурулуш реформа  болуп, завод, фабрикаларды калыбына келтирсек, бүгүнкү  кризистен чыгып кетет элек.  
Өктөм Мамаева,   маркум полковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы, акын. 
 

Булак: "Майдан.kg" газетасы