Өткөн жумада дайыма саясаттын чордонунда жүрүп, кайсы маселеде болбосун өзүнүн курч пикир, көз караштарын билдирип турган “Ата-Журт” партиясы шайлоо камылгаларын баштады.

Тагыраагы, Бишкектин Горький-Фатьянов көчөсүндө “Ата-Журт” сяасий партиясыын республикалык штабынын расмий ачылышы болду. Ага партиянын тең-төрагалары Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев, ошондой эле депутаттар Курманкул Зулушев, Үмбөтаалы Кадыралиев, коомдук ишмерлер Элмурза Сатыбалдиев, Назарали Арипов, Равшан Сабиров ж.б. катышты. Штабтын ишинин ийгиликтүү болушу үчүн аалым Чубак ажы Жалилов пайгамбарлардын наамына куран окуду.

“Ата-Журттун” саясаттагы жолун, көз караштарын, партиянын программасы колдогон жарандарга, саясий күчтөргө штабдын эшиги дайыма ачык. “Ата-Журт” ар дайым элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн саясатчылар, саясий күчтөр менен иш алып барууга даяр экендигин билдирип келет.

Биздин билишибизче, биригүү тууралуу “Ата-Журтка” сунуш киргизген күчтөр акыркы кезде көбөйдү... Ошентсе да,  “Ата-Журт” партиясынын тизмесине элди, өлкөнү ойлогон, коррупциядан алыс, билимдүү, илимдүүлөр, жаштар кирсе деген тилегибизди айткыбыз келет. Ал эми бүгүнкүдөй күнкарамага айланган Жогорку Кеңешке Камчыбек мырзадай чындыкты чыркырата айтчу  инсандардын депутат болуп келүүсү абадай эле зарыл болуп турат.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.