Сайт 4-февралга караган түнү жана эртең менен ачылбай, иш үзгүлтүккө учурады. Серверге чабуул Орусия жана Америка өлкөлөрүнөн жасалган. Азыркы тапта сайттагы мүчүлүштүктөр атайы адистердин жардамы менен калыбына келтирилди», – деп айтылат сайттын билдирүүсүндө.

Агентиктин жамааты кайсы материал чабуулга себеп болгонун билдирген жок. Учурда сайт ачылып жатат.

Эске салсак, 17-декабрда өлкөдөгү бир нече маалымат каражаттары хакердик чабуулга туш болгон. Мындай чабуулдан улам Factcheck.kg, Ecomonist.kg, Kloop.kg, Kaktus.media, Sokol.media, Vb.kg, Knews.kg, Today.kg, Politklinika.kg cайттары ачылбай, иштебей калган.

DDoS-чабуул бул — сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.


Булак: Elgezit.kg