натыйжада  мүлктөрдү башкаларга каттоо уланып, бул коррупцияны алдын алууга тоскоолдуктарды жаратып атканын айткан эле. 

ЖК депутаты, көп профилдүү “Байтур” компаниясынын ээси Тынчтыкбек Конушбаев Салык кызматынан 5 компаниядагы үлүшүн жашырып келаткандыгы айкын болду. Эл өкүлүнүн  курулуш, эмерек бизнестери жана Ысык-Көлдүн жээгинде пансионатка тийешеси бар экен. Эл өкүлү 3 жыл бою декларациясында аталган бизнестердеги үлүштөрүн жашырып, көрсөтпөй келген. 
Тилекке каршы, мыйзамдуулукту талап кылышканды жакшы көрүшкөн ЖК депутаттары өздөрү мыйзамдардын талабын сактаганды үйрөнө алышпай койду. “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамына ылайык, парламентарий ишкерлик менен алектенүүгө, жетектөөчү органдардын курамына кирүүгө жана коммерциялык ишкананын байкоочу кеңешинде турууга укугу жок. Анан депутаттардын мыйзамдуулук тууралуу сүйлөшүп, башкаларга акыл үйрөтүшкөндөрү күйдүрөт да… 


Булак: "Майдан.kg" газетасы