Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.
Булак: Маралфм