Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.
«Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандарын Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак жеткирди», - деп айтылат маалыматта.
Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарындагы кыргызстандык жарандар 2-февралда атайын борт менен Бишкек шаарына келишкен. 18 жаран Казакстандын көмөгү менен Нур-Султан шаары аркылуу келишти. Алардын баары текшерүүдөн өтүп, Бишкектин четиндеги ооруканага жайгаштырылды, деп билдирген Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Булак: Баракелде