Мындай чечим бүгүн, 4-февралга караган түнү кабыл алынды.

Ал 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) 9-апрелге чейин камакта болот.

2019-жылдын 12-декабрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков кармалган. Ал Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектелип жатат.

Булак: Баракелде