Эгерде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кимиси Коопсуздук кенешинин бүгүнкү жыйынынын чечимдерин “бөрк ал десе, баш ал” принцибине салып, бизнести муунтууга, жарандардын укуктарын бузууга пайдалана турган болсо, ал катуу жазаланарын өзгөчө баса белгиледи.   
“Чындык эртедир-кечтир билинет. Эч ким билбей калат деп ойлобогула. Кайталап айтам: коррупцияга каршы күрөштө биринчи кезекте силер таза болууга милдеттүүсүңөр”,- деди президент.
Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев: “Акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынындыруу ыкмасы менен иш-аракеттерди жүргүзүп, чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын эскертип келген. Бүгүнкү жыйын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча  сунуштарды эсепке албай келгендерди кызматтан бошотууга чейинки конкреттүү чараларды колдоноорубузду көрсөттү”,- деди.  
Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча айрым чиновниктер кызматтан бошотулат жана тартип жазасын алышат. Коопсуздук кеңешинин чечиминде каралган сунуштамаларды системалуу бузгандыгын уланткан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды.
Мындан тышкары Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго, анын эки орун басары - Мырза Жаманбаев жана Карыбек Ибраевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталган. Ошондой эле, 30 мамлекеттик органдын жетекчилери тартип жоопкерчилигине тартылмакчы.

Булак: "Майдан.kg" газетасы