Чек ара маселелеринин чечилбей жатканы мамлекеттик саясаттан эмес, коңшу өлкө менен болгон мамиледен көз каранды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди. Депутаттын пикири КСДП партиясынын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Момбековдун оюнда, тажик бийлигинин азыркы өкмөт менен сүйлөшкүсү жок. Чек ара маселелери боюнча жооптуу болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго да жергиликтүү эл жана тажик тарап ишенбейт.

"Эки жылдан бери эки метр жерди тактай албаган өкмөткө ишенүүнүн канчалык кажети бар? 10-январда Баткендеги чек арада кайрадан ок атылды, мен ошондо өкмөт башчынын реакциясын күттүм. Ал тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, чек араны катуу кайтаруу боюнча тапшырма бергенин айтышты. Мамлекеттик чек ара буга чейин бош кайтарылып келгенби? Жыл башталышы менен эле өкмөт башчы кыргыз-казак чек  арасындагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өктөм үн чыгарып айта албай жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш башталат деп ынанымдуу айтылган. Бирок иш жасалбай жатат. Ошондуктан, өкмөт башчыны чек ара маселесин чече албаганы үчүн отставкага кетирүүгө толук негиз бар болчу",- деди ал.

Депутат Рыскелди Момбеков чек ара маселелери боюнча жооптуу болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жергиликтүү эл ишенбегендиктен, анын ордуна азыркы акыйкатчы Токон Мамытовду жиберүүнү, же болбосо ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановду кызматка алып келүүнү туура көрөт.

Белгилей кетсек, Баткендин Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу 14-январда эки өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өтөт.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Бүгүн, 13-январда Баткен милициясы чек арада чыр чыккан учурда «чагымчыл аракеттерге барган» деген айып менен төрт кыргыз жаранын кармаганы маалым болду. Жергиликтүүлөр аларды бошотууну талап кылып, митингге чыгышты.

Булак: "Марал"