- Артур мырза, Шамил Атаханов Батукаевдин иши боюнча суракка алынып, “Батукаев Жаныш Бакиевге алмашуу үчүн бошотулган” деген көрсөтмө бериптир.  Ал маалымат социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Анын айткандарына ишенсек болобу?

- Шамил Атаханов Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кеткени боюнча күбө катары сурак берип, тергөө учурунда “Батукаев Жаныш Бакиевге алмашуу үчүн бошотулган” деген маалыматы протокол катарында социалдык тармактарга чыгып кеткени мени чындыгында аябай таң калтырды. Негизи тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн андай маалыматтар жарыяланбашы керек болчу. Бул маалымат кандайдыр бир кызыкчылыкты ишке ашыруу үчүн жарыяланса да, тергөө системасында маалымат коопсуздугу жоголуп баратканын ачыкка чыгарды.  Ошондой эле бул маалыматтын өзү ушундай мааниде таратылышы да  көптөгөн суроолорду жаратты. Анткени, бул маалымат кызыктар топтун мүмкүнчүлүгүнө жараша пайдаланылды. Ошондуктан, ал маалымат туура же туура эмес деп айталбайм. Ал маалымат дагы иликтениши, чын бышыгы аныкталышы керек. Эгерде бул иш жогорку деңгээлде териштирилсе, аягына чейин чыкса, дагы кызыктуу кылмыштуу окуялардын башы чыгып калышы мүмкүн.

- Атахановдун: “Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүүнүн мыйзамдуу жолу жок калганы үчүн Жаныш Бакиевди Батукаев менен айрыбаштоого аргасыз болгонбуз” дегени ынанымдуу элеби?

- Менимче, Жаныш Бакиевди мурдагы бийлик “алып келем, камайм” деген оюу болсо,  Минск конвенциясынын негизинде эле Кыргызстанга алып келишсе болмок. Же аларды Минскиден кармап келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетишсиз дешсе, ошол конвенцияга кол койгон башка мамлекеттерден жардам сурап, аларды колго түшүрүү операциясын ишке ашырса болмок. Жок эле дегенде  Интерпол аркылуу кармай турган шарттарды түзүп, аракет кылышса болмок. Ушундай мыйзамдуу жолдор турса, 2013-жылы “Жаныш Бакиевди Батукаевге айрыбаштап, Чеченстандын президенти Кадыровдун жардамы  аркылуу алып келебиз” деген маалыматтын өзү мени таңгалдырат, күмөндүү ойлорду жаратат. Эгер чындап эле Жаныш Бакиевди кармоо аракети болгон болсо, Батукаев чыгып кеткенден кийин токтоп калбашы керек эле. Батукаевди чыгарып жиберип алданып калган күндө да, кандайдыр бир аракеттер жасалышы керек болчу. Бул бир жагы. Экинчи жагы ал мезгилде бакиевдерди “күнөөлүү” деген соттун чечими чыга элек болгондуктан, аны мыйзамсыз жолдор менен алып келүү жана экономикалык кызыкчылыктарды ишке ашыруу аракети болушу мүмкүн. 

- Батукаев чыккандан кийин Жаныш Бакиевди алып келүү аракети таптакыр токтоп калганын себеби эмнеде болушу мүмкүн?

- Эгер Атаханов айткан  маалымат чын болгон болсо, менимче Жаныш Бакиев ошол убактагы бийликтегилерге себептүү шылтоо гана болуп, негизги максат Бакиевдердин экономикалык  активдерин алып калуу же которуп алуу, бизнестерин тартып алуу  аракеттери болгон болушу мүмкүн.  Ошон үчүн соодалашуу операциясы да аягына чыкпай калышы ыктымал. Анын чын бышыгын Атамбаев же ага жакын саналуу гана кишилер билиши мүмкүн. Ал эми ушул ишке байланышкан жетекчилер Жаныш Бакиевди алып келебиз деген сөздү колдонуп, экономикалык кызыкчылыктарын биринчи орунга   коюшу да мүмкүн. Анткени, коомчулукта ошондой пикирлер  басымдуу болуп жатат. Ошондой эле бул маалымат элди алаксытуу үчүн жарыяланышы  мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева