Абактан үй камагына чыкканына бир нече ай болуп калган “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анык эки жүздүү саясатчы экенин далилдөөдө. Ал үй камагына жаңыдан чыккан күнү учурдагы мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирип, сотторго басым жасалбай калганын айтып, “Мен жасабаганды, Темир Сариев, Бабанов жасабаганды Сооронбай Шарипович жасап жатат” деген эле.

Ошентип абактан чыгып, айылына, ага-тууганына жолугуп алган соң кайрадан эле баягы саясий “сойкулугун” кармата баштады. АКШнын Кыргызстандагы элчисине чейин тымызын жолугушуп, жашыруун сүйлөшүүлөрдү уюштурууда. Кыязы, ал дагы “Равшан Жээнбековдон эмнем кем?” деп АКШнын агенти болгону жатат окшойт.

Анан дагы акырындык менен бүгүнкү бийликке да азуусун көрсөтүүгө өттү. Ал жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны тууралуу маалымат каражаттарынын бирине өз пикирин “премьер-министрдин иштери тууралуу эле айтты” дегендей сын катары айтыптыр.

Биринчиден, өлкөдөгү өтө маанилүү, актуалдуу, коомчулукту кызыктырган суроолордун баарына ал маалымат жыйынында жооп айтылды. Анан суроолор берилип жатса, “Жок, булар премьер-министрдин иши” деп жооп бербей коюш керек беле?

Экинчиден, Текебаев убагында Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн кантип кулатканын айтып мактанып жүрчү. Ал өзүнүн жашыруун сырларын өзү эле кээде ушинтип ачып салчу. Өмүрбек Чиркешович Бабанов менен Сатыбалдиевдин өкмөттөрүн өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке мамилелеринин келишпей калганынан улам эле интрига кылып кетирүүгө чоң таасир эткен.

Мындан сырткары ал Атамбаевдин бийлигинин акыркы жылдарында өзү куугунтукка алына баштаганда “Марал” радиосуна мындай деп маек курган: “Атамбаев жаңы бийликке келген кезде абдан алсыз болчу. Мен өткөндө ал механизмди алып бердим. Атамбаевди күчтөндүрүш үчүн күчтүү фигураларды, күчтүү саясий күчтөрдү жанчып, бөлүп, талкалап, алдап алып, сатып алып, коркутуп жоготтук. Ошондо биз революционерлер бири-бирибизди колдойлу, ал үчүн тигилердин ыркын кетирели, бирине бирин каршы тукуралы дедик. Баягы эле миң жылдан келаткан технология. Анча-мынча баш ийбегенин болсо, текшерип көрөлү. Жумуштан кетирели. Элдер аларга келип бирикпестен, алардан чуманы көргөндөй качып калсын деген эле тактика менен Атамбаевди бекемдедик”, - деген эле ошол убакта Текебаев. Муну менен ал өзү жазган Конституциянын нормаларын тебелеп, парламенттик системанын таш-талканын чыгарганын моюнга алган. Эми өзү талкалаган системаны азыркы президентке шылтап жатканы кандай?

Атамбаевдин бийликти узурпациялап алуусуна, оппоненттерин саясий куугунтуктарга алуусуна Текебаев чоң салым кошкон болуп жатабы? Аягында өзүнүн тактикасынын курмандыгына айланып калып жатпайбы. Ошондуктан элибиз “Бирөөгө ор казсаң да тайыз каз, өзүң түшүп калышың ыктымал” деп айтпаган да.

Мына ушундай таржымалы бар Текебаевге эми кантип ишенүүгө болот? Ал бүгүн дагы өз кызыкчылыгы үчүн кимди болбосун ыркын кетирип, жанчып, сатылып же сатып алууга бара алат эмеспи.