Эски жыл менен кошо Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетип, Жаңы жылда жаңы төрага шайланары белгилүү болуп калды. Анткени бул күндөрү хансарайда ар кандай көшөгө артындагы оюндардын сценарийи түзүлүп, айрым депутаттар Дастан Жумабековду спикерликтен түшүрүүгө кызуу аракет көрө башташты.

Алардын бири Исхак Масалиев өткөн жуманын аягында бул маселе боюнча сунушту парламенттин кароосуна киргизгенин маалымдаган. Анын айтымында, Дастан Жумабеков мындай кызматка жаштык кылаары билинип калды, ишти ийкемдүү алып кете алган жок.
“Кандай мамлекеттик кызмат болбосун анын имиджи жетектеген адамга байланыштуу болот. Бул жааттан алып караганда Жумабеков жаштык кылды”,- деди Масалиев.

Акыркы учурда Дастан Жумабеков көп жолу коомчулуктун кескин сынына кабылды. Анын бири немец шаарынын аталышын туура эмес айтып алганы болду. Франкфурт-на-Майне дегенди “Франкфурт жана Майне” деп тамашага кабылган. Андан мурда да өкмөт башчыга жазган катынан грамматикалык ката табылып, аны “киргизка” секретаршасына шылтап актангандай болгон. Бирок бул ирет “Франкфурт жана Майне” бовой калды.

Мыйзам боюнча спикерди кетирүү маселеси каралаарда спикердин орун басарларынын эң улуусу жыйынга жетекчилик кылат. Жумабековдун орун басарларынын ичинен улуусу Мирлан Бакиров болуп эсептелинет.

Белгилей кетүүчү жагдай - Жумабеков 2017-жылы спикерликке ат салышканда анын башкы атаандашы Исхак Масалиев болгон. Демек, бул орунду ал мурда эле “ээлеп” койгон. Бир чети “парламентте кечке Масалиев сүйлөй бергенден тажаймын”,- деп өзүнө-өзү баа бергендей, Исхак мырза орусча менен кыргызчаны бирдей билген, юридикалык билими бар, укук жаатындагы мыйзамдарды семичкедей чагат эмеспи. Айтор, тилинен да, билиминен да жаңылбайт, 120 депутаттын татыктуу “старостасы” боло алат деп ишенсе болот. Эң негизгиси, 7-кабат... менен мамилеси “сизиң-бизиң”...

Булак: “Майдан.kg” газетасы