Камчыбек Ташиев карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө, 11 баланын арасында чоңойгон. Андыктан “саясий элитага” кирбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” маек берип жатып билдирди.

 

“Сатылма, берилме, өтүп кетме саясатчылардын көпчүлүгү байлыгын коргогонго аракет кылышат. Кыргызстанда алтын, көмүр, дагы башка кендердин 95 пайызы саясатчылардын колунда. Бир ирет Атамбаев менден сураган: “Сенде эмне кен жокпу?” – деп. Жок дегем. “Койсоңчу, кантип эле көмүр кени да жокпу?” – деп таң калат. Алган жокмун. Мен мамлекеттин бир ташын, бир сотых жерин да албагам. Бир кирпичти да менчиктештирбедим. Ошондуктан саясатчылардын арасында колу таза, эл үчүн иштейм дегендер бар. Айрыкча жаштар баарын сүрүп чыгарабыз да биз оңдоп жиберебиз деп жатышпайбы, ал туура эмес”, - деди саясатчы.

 

Айтымында “ал кембагал бала” эмес. Бирок ошол эле учурда анчалык ашкан байлыкка да ээ эмес. Күйүүчү май менен алектенген бизнесин 1993-жылы түптөгөн. Бул азыр анын үй-бүлөлүк бизнеси, башка эч нерсе менен алектенбейт. Учурда Италияда уулу футбол команда менен келишим түзүп ойноп жүрөт. Көбүнчө уулунун жанында болоорун айткан саясатчы “Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргыз  футболисти менен Италия келишим түздү. Мен уулум менен абдан сыймыктанам”, - деп белгиледи.