"Республика-Ата-Журт" аттуу партия 2017-жылы жоюлган. Анын ордунда баштагыдай "Ата-Журт" жана "Республика" партиялары өз алдынча иш алып барышат. 

 

Бул тууралуу экс-спикер Ахматбек Келдибеков билдирди. Айтымында келерки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата-Журт" өз алдынча баруу ниетинде турат. Партиянын эки төрагасы бар, алар: Келдибеков жана Ташиев. 

 

"2017-жылы президенттик шайлоонун алдынан курултай өткөрүп "Республикадан" бөлүнгөнүбүздү расмий жарыялаганбыз. Бир гана фракция парламенттин ушул чакырылышы соңуна чыкмайынча иштемей болгон", - деди Келдибеков. 

 

Эске салсак РАЖ 2015-жылдагы парламенттик шайлоого карата Ташиев жана Бабановдун макулдашуусунан улам жаралган болчу.