Биздин редакция акыркы мезгилдерде ИИМде аткарылып жаткан иш чаралар, коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулукка каршы күрөштөгү, ички тартиптин сакталышы боюнча да бир катар маалыматтарды жарыялап келүүдө. Анан акыркы мезгилдерде “ИИМде интрига күчөдү, ИИМ министри Кашкар Джунушалиев менен анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ортосунда интрига башталды, абал тынч эмес, өз ара тирешүү бар”- дегендей маалыматтар басма сөз каражаттарына жарыяланып жаткандыктан, ушул маселени  дал өзүнөн  телефон чалып тактаган эле.

 

- Биринчиден, ИИМдин жетекчилери тууралуу айрым бир маалымат булактарында тарап жаткан маалыматты тактап койолу дегениниңиздерге ыраазычылык билдиремин.

 

Экинчиден, ток этээр жерин, так кесе айтып койоун, министр Кашкар Джунушалиев менен эч кандай тирешүү же интрига жок. Кызматтан тышкары жеке мамилебиз да жакшы. Биз, ИИМдин  жетекчилиги - учурда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ички тартипти чындоо багытындагы стратегиялык-реформалык ишмердүүлүктүн алкагында үзгүлтүксүз иш аракеттерди жүргүзүп келүүдөбүз.

Ишибиздин тармагы да, багыты да, максаты да аналитикалык ой-жүгүртүүлөрдү, айрым бир конкреттүү жагдайларда кескин чечимдерге баруу, республика боюнча ыкчам кырдаалды күнү-түнү көзөмөлгө алуу жана жарандарыбыздын коопсуздугун сактоо боюнча бардык иш аракеттерди тынымсыз көрүү аракетиндебиз.

 

Андан сырткары коллегиянын чечимдерин аткарууда министр менен биргеликте иш жүргүзөбүз, талаша турган эч нерсе жок, акылдашабыз, чечимдерди коллегиялык түрдө мыйзам чегинде кабыл алабыз.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы