Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаевдин айтымында, жыйынга белгилүү эксперттер, саясий жана коомдук ишмерлер, Кой-Таштагы окуяны өз көзү менен көргөн айрым адамдар, ошондой эле журналисттер чакырылган. “Бул жыйында биз Кой-Таш окуясы боюнча коомчулуктун көз караштарын угууну максат кылуудабыз. Анткени, көп түрдүү ойлордун курандысынан гана чындык такталат. Эртең, “Парк Отелге” биздин жыйынга келүүнү кимдер кааласа, баарына эшигибиз ачык. Биздин ар бир иш коомчулук үчүн ачык болот”,- деди ал.

 

Улукбек Маматаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө мурда көрсөтүлгөн “ватсап-канал” жана электрондук дарекке карапайым кыргыз элинен жүздөгөн кайрылуулар келип түшкөн: “Иштиктүү материалдар абдан көп болууда. Элге ыраазыбыз, абдан активдүү катышууда. Бардык кайрылуу каттар анализденип, тийиштүү жыйынтыкка таасир этет”.

 

Эске салсак, Коомдук комиссиянын курамына тубаса демократ Рамазан Дырылдаев, саясат илимдеринин доктору Табылды Акеров, жазуучу-публицист Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмерлер Мукаш Мамбетов, Кубан Дуйшеевдер, укук коргоочу Таалай Мадаминов ж.б. кирген.

 

Кыргызстандыктар комиссиянын иши боюнча өз ой пикирлери менен бөлүшүүнү же маалымат берүүнү, кимдир-бирөөсү комиссиянын жыйынына катышууну каалашы мүмкүн. Каалоочулардын баардыгы жазуу жүзүндө же 0508 890202 телефон номерине (ватсап да бар) чалып билдирсе болот.