“Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары “абал жакшы эмес” деп айтып чыгышты.  Анын эртеси УКМК аларды суракка алды. УШинтип чындыкты айтып чыккандарды суракка ала беришсе, кийин ким ушул сыктуу абалды ачык айтып чыга алат?”- деген суроого Мадумаров “бул бийликтин алсыздыгы” деп жооп узатты:

 

- Бул абдан актуалдуу маселе. Бизде ким чындыкты айтып чыкса, биздин милиция заматта баса калмай өнөкөт таап алган. Анын эки себеби бар. Биринчиден, бийлик аябай сабатсыз, алсыз. Алар эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Экинчиден, алар ушундай саясатка өтүп алды, “ким сүйлөп чыккан болсо баса калып коркутуп коебуз дагы, экинчи ушундайлар сүйлөбөй калат”- деген. Бул арам оокат, өтө туура эмес нерсе. Мен кечээ өзүмдүн кыскача билдирүүмдө ошол жергиликтүү кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирдим. Биринчи жолу жергиликтүү депутаттар баш көтөрүп, ошол жердеги окуяны акимине, губернаторуна, же болбосо Жогорку Кеңешке карабастан түздөн-түз маалымат берген 3 айылдык кеңештин депутатына терең ыраазычылык. Баракелде ошолорго, көптүн катарында башын катып жатпастан, ошол жердеги күч алып келе жаткан чыңалуунун алдын ала коңгуроо кагып, “ушуга чара көрүүңүздөрдү суранабыз” деп кайрылды.

 

Ошондой эле А.Мадумаров кыргыз элине кайрылып, “эгер ушундай ачык айтып чыккандарды коргоп сыйлап албасак, элим жерим дегендер азайа берет” дейт:

 

- Мен Кыргызстандын элине кайрылам, ушул сыяктуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өкүлдөрүн коргоп, сыйлап, көтөрүп алганды үйрөнмөйүнчө бизде экинчи эл жерим деп көкүрөк кагып чыккан кишилер азайгандан азайа берет. Бул абдан сабатсыз. Мындайча айтканда чыккынчылыктын ар кандай түрлөрү болот. Өз мамлекетин, эл жерин сактоо үчүн чындыкты айтып чыккандардын суракка чакырылып жатышы - бул кыргыз милициясы, бийлик тарабынан чыккынчылык катары бааланат. Башка баасы жок. Аман болушсун. Аларга баары бир алар кайдыгер. Себеби бизде сөз бар, “бала ыйлабаса эмчек жок” дегендей, алар ошондой болуп зыркырап какшап, Бишкекке чейин келип айтпаса, ал маселени ким көтөрөт эле?  Жогорку Кеңеш, министр, губернатор көтөрбөйт, албетте алар тескерисинче жабат.  

 

Булак: “Мезгил ньюс”