- Урматтуу эл журтум!

 

Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс, чет жакта болуп калдым, бул окуялар жүрөгүмдү тилип кетти.

 

Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди-жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.

 

Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!

 

Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым, кандай кырдаал болсо да баарына даярмын! Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына көңүл айтам. Эл журтума сабырдуулук тилеймин!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити