Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин Аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өтүп, 2019-жылдын аягына чейинки жасалчу иштер аныкталды. Ага ылайык:

 

Биринчиден, буга чейин маалым болгондой, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Референдум өткөрүү боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу Жогорку Кеңешке тапшырылган. Бул маселени аягына чыгуу максатында 5 адамдан турган Аткаруу Комитетинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин спикери Д.Жумабеков менен иш алып барышат;

 

Экинчиден, жалпы кыргыз журтчулугун бушайманга салган 2019-жылдын 7-8 августундагы Кой-Таш окуясына саясий-юридикалык баа берүү боюнча Коомдук комиссия түзүү демилгеленди. Анын катарына элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу адамдар тартылат.

 

Үчүнчүдөн, 2019-жылдын 1-октябрь күнү “Жерүй” маселеси боюнча Таласта уюштурулуп жаткан Элдик Жыйын колдоого алынды. Анда алтын кенинин тагдыры талкууга алынып, бир жаңсыл болору айтылууда.

 

Төртүнчүдөн, кезектеги Элдик курултай 24-ноябрдан кечиктирилбей өткөрүлөт, буга байланыштуу Аткаруу комитетине тапшырмалар берилди.

 

Урматтуу мекендештер, эгерде сиздерде Элдик курултайдын Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча коомдук комиссиясынын ишине карата сунуш-пикир же каалоо-тилек болсо 0508 89 02 02 телефон номерине  кайрылсаңыздар болот. Баарыңыздарды активдүү катышат деп ишенебиз.