Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевага байланышка чыккан. Бул тууралуу Текебаев Акман эли менен жолугушууда билдирди. 

 

Айтымында, бул окуяны өзү жана аялынан башка эч ким билбейт. 

 

"Айгүл Раиса Атамбаева менен сүйлөшөйүн деп калды, аны менен мурда ар кандай иш чараларда жолугушуп, тааныш болуп калышкан эле. Мен сүйлөшпө, кереги жок дедим. Бирок, жубайым чарпылды, мени көндүрүүгө аракеттенди, анан акыры макул болдум. Алар телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Атамбаевдин аялы эгер Текебаев күнөөсүн моюнуна алса, айыппул төлөп эчак эле чыгып кетмек дептир, күнөөсүн моюнуна албай жатпайбы деп. Чындыгында, авдокат аркылуу мага ушундай сунуш түшкөн. Мен өмүр бою акыйкатсыздык менен күрөшүп келген. Ошондуктан абакта отурганым жакшы, эл мага ишенет деп чечтим", - деди Текебаев. 

 

29-августта Текебаев менен Чотонов үй камагына чыккан. Учурда Жалал-Абад облусундагы кичи мекенинде жүрөт. 5-сентябрга чейин кичи мекенине барып келүүгө соттон кат жүзүндө уруксат алганын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.