Кой-Таш коогалаңы катуу талкууга алынып жаткан чагы. Айрымдары андан өзүнө пиар топтоп, айрымдары аткарган иши үчүн сынга кабылып жатса, бирөө баатыр болсо, бирөө ур-токмокко алынып турган кези...

 

Жогорку трибунада олтуруп алып, “туура эмес кылдыңар, ката кетирдиңер”- деп, сын айтуу оңой-олтоң иш. Бирок жүрүмдүн өзүнө катышып, өз көзү менен көргөн киши андайга жол бербейт эле. Демек, сын сөздөрдүн айтылышынын өзү, аша чапкандыкка, өзүнө пиар упай топтоого теңдеш болуп калууда.

 

Бул таризде алганда Опумбаевге пиар эмес, тынчтык керек эле. Чыныгы офицер, мыкты кесиптеш жана өз ишинин профессионалы деп айтууга толугу менен арзыган адам кан төгүүгө жол берген жок. Дал Опумбаев, атайы операцияны уюштуруп, бирок тынчтык жолу менен чечүүнүн кепилдиги болуп берди. Мыкты жоокери окко учту, бирок ошогон карабастан, атайы багыттагы “Альфанын” жигиттери террорчулук, зөөкүрдүк менен шылуундангандарга каршы туруп, бир заматта түп тамыры менен жок кылганга дарамети жеткен мыкты жоокерлер туура багыт берип, эл каны төгүлүп, журт жапа чегип калбасын, милдетти так жана туура аткарып, мыйзамдуу талаптарды кармангыла деп жолдомо берген - полковник Опумбаев болгон. Анын жигиттери, абалды курчутуп жиберүүдөн оолактап, ташбараңга алынып жатканына карабастан, акырына чейин туруп беришти го. Ким бара алат, ошол ташбараңга кимиңер туруштук бере алат элеңер??? Мен кыйын деп көкүрөк каккандар көп, бирок иш жүзүндө андайга эч кимибиз даап бара албайт элек.

 

Кырчындай өмүр кыйылды, жар жубайысыз, уул-кызы атасыз, ата-эне уулсуз калды. Кесиптештери мыкты жигитин жоготту. Кесиптешинин өлүмүн көрүп туруп, ачуучун оозуна тиштеп, ызасын ичине катып, өз милдетин так аткарган жигиттерге, алардын жетекчиси Опумбаевге терең ыраазычылык жана бийик урмат.

 

Кечээ гана өзү жетектеп, алгылыктуу иш аткара албай, саясый куугунтук менен алектенген АШАнын кол баласы, журналист “генерал” Абдил Сегизбаевдин Орозбек мырза тууралуу айтканын, “аргасыздык, өзүн актоо” деп түшүнөм. Кезинде өзү жасаган иштерин эстен чыгаргандай. “Белизгейт” менен алпурушуп, АШАга жагам деп, канчалаган сасык иштерди жасады. Анысына дагы тарых тараза, бирок жазасын алуу күндөр анча алыс эмес. Кабинеттен чыкпаган Сегизбаев кадровый чекист, өмүрүн улуттук коопсуздукка арнап, ант берип, ошол антын так аткарып жаткан Опумбаевдин чыпалагына дагы тең келбейт. Ооз ачып сүйлөөрдө бир аз тазаланып алса болмок экен. Абдилдин сөзүбү, же Опумбаевдин сөзүбү, аңдагандар болсо, атайы каралоо жүрүп жатканын байкайт. Демек, Сегизбайдын небересине караганда, аскер адамдары Орозбек Опумбаевге артыкчылык беришээри анык эле болуп турат.

 

Урматтуу замандаш, кадырлуу журтум! Оболу иш кылаар, кимдир бирөөгө сын айтып сүйлөөр алдында терең ойлонуп алсак. Сөз учкан чымчык, чыкса кармай албайсың. Иштин чоо жайын билбей туруп бирөөнүн артынан кеп айтуу, бул күнөө. Эртең аткарган иши туура чыкса, мен андай болуп чыгаарына толугу менен ишенем, кантип кечирим сурап, кантип жер бетинде басып жүрө аласың. Оболу ошону ойлонолу.

 

Узарбек Абдуллаев,

Бишкек шаары