Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга эчак эле кайтып келиши керек болчу деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, Бабановго карата кылмыш иши негизсиз козголгондуктан ал айыбы жок экенин далилдеши зарыл.

- Өзбек улутундагылардын алдында сүйлөгөн сөзү боюнча менин пикирим башынан эле башкача, - деди ал. - Ал жерде эч кандай чакырык болгон эмес. Эми тийиштүү органдар чакырса суракка барып, түшүндүрмө бериш керек. Эгер жаш саясатчы элди башкарам деген аракети болсо, саясатка аралашам десе эл менен болгону туура. Эчак эле келиши керек болчу.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Бүгүн Бабанов Бишкекке кайтып келди. Ал аэропорттон эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз өткөнүн айтты. 

"Азаттык"