Бүгүн, 9-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Документтердин тизмеси:
1. Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин жана «евразиялык компанияларды» түзүү боюнча мамилелердин алкагында улуттар аралык компанияларды түзүү тажрыйбасы жөнүндө – тапшырма.
2. Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 чечимин колдонуу тууралуу – тапшырма.
3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө – буйрук.
4. 2018-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө – Буйрук.
5. Транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү Концепциясы жөнүндө – чечим.
6. «Евразиялык өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялардын трансфери түйүнү» долбоорунун паспорту жөнүндө – чечим.
7. Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктардын транс чек аралык кыймылы жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө – макулдашуу.
8. Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары, пахта буласы жана жүн боюнча 2019-2020-жылдарга карата агрардык өнөр жай комплексин, суроо-талап баланстарын жана сунуштарды өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору жөнүндө – буйрук.
9. Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы жөнүндө 2011-жылдын 22-июнундагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколуна кол коюу тууралуу – протокол.
10. Евразия экономикалык биримдигинин сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө – буйрук.
11. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө – буйрук.
12. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жери жана убактысы жөнүндө – буйрук.