Башкы прокуратура Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысына «министрдин орун басары рангында» деп маалымкат берилишинде мыйзам бузуу болгон деп тапты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган министрлик бөлүм башчы Анаркүл Беккулиеваны «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкесине жөнөтүш үчүн анын кызматын жогорулаткан маалыматты Кытайга жөнөткөнү тууралуу маалымат Интернетке жаряланган. Ал кагазга министрдин орун басары Амангелди Исаев кол койгон.

Чакырган тарап министрдин орун басары менен тең болгон кызматкердин гана чыгымдарын төлөп бере турганын билдирген. Прокуратура тараткан маалыматка караганда, Беккулиева «министрдин орун басары рангындагы» деген жалган маалымкаттын долбоорун өз алдынча даярдаган. Мындан сырткары «Тышкы саясат боюнча мамлекеттик органдардын биргелешип аракеттенүүсү жөнүндө» мыйзамдагы талаптар аткарылган эмес. Ал жармаңке өткөрүү боюнча катчылыктын өкүлү менен түзмө-түз байланышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында премьер-министрге мыйзам бузулган учурларды оңдоо жана күнөөлүүлөрдү тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуш киргизилди.

Жогорудагы факты боюнча аталган министрлик өзү да кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында маалымат туура эмес экенин билдирген. 

"Азаттык"