Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

 

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

 

Визиттин жүрүшүндө Аскар Маминди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.