Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түшкөнү кабарланууда. Бул маалыматты расмий органдар ырастай элек. Бул тууралуу "Азаттык" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жабыркады. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Азырынча ал эсине келе электигин дарыгерлер билдирип жатышат. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгоп, ИИМ сотко чейинки тергөө амалдары башталганын билдирди.