- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

 

- Өзү кен байлыктарга башаламан лицензия берүү иши - бул элге душман кылгандык! 2010-жылдан бери эле мындай кылмыш иштерин адат кылып алышкан, биздин шоркелдей өкмөттөр! Жергиликтүү бийликтин алсыздыгын ушундан көрүңүздөр, алар ошол өз элине маалымат берип түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүн ордуна, өкмөт берип таштаган лицензияны жаап жашырып, чет-элдик "инвесторлорго" малай-адвокат болуп келишкен. Жыйынтыгын Солтон-Сарыдан көрүп жатабыз. Мындай опурталдуу кырдаалдар Кыргызстандын ар райондорунда бар. Өкмөт кытайларга уруксат бергенден кийин эмнеге алардын экологиялык милдеттерин тыкыр көзөмөлгө албайт? Нарындык туугандар канча жолу кан какшап эскертүүлөрдү берип келишти. Өкмөт бир былк этпеди го, чиркин. Көз далдоо кылып эч нерсе чечүүгө укугу жок бир-эки чиновнигин жиберип коёт. Ушул дагы мамлекеттик мамилеби? Бул зыянкеч саясат! Эми өкмөт кытай фирмасы менен келишимди кайра карап чыгуусу зарыл! Ким пара алган? Ким байыган дароо эле аныкталат. Антпесе эл тынчыбайт. Ал турсун саясий талаптарга өтүп алышы мүмкүн!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити