МУКК башчысынын айтымында, Атамбаевди үч жолу суракка чакырышса тоотуп да койгон эмес:

 

- Кечээ кечинде Атамбаевдин суракка келбей жаткандыгына байланыштуу, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып жиберилишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында экс-президентти суракка алып келүү тапшырмасы берилген. Тапшырманы аткаруу үчүн оптималдуу сандагы кызматкерлер тартылган, алар ок атуучу куралы жок барышкан. Муну мен расмий айта алам. Өздөрүнүн коопсуздугу жана коргонуу үчүн биздин кызматкерлер резина октор, атайын каражат – үн-жарык чыгаруучу граната, дубинка, шлемдер менен камсыздалган.  Кырдаал курчуп кетсе, Атамбаевдин үйүнүн артына атайын резервдик топ жайгаштырылган. Атамбаев мыйзамдуу талаптарга баш ийбестен, өз үйүнүн атайын мындай кырдаалга ылайык жасалган бөлүгүнө жашырынып алган. Мен муну үй дебес элем, бункер салып алыптыр. Менде сүрөттөр бар, көрсөтөм...