Т.Тургуналиевдин айтымында, Атамбаев тарапташтарын үйлөрүнө жөнөтүп жиберип, суракка келиши керек:

 

- Атамбаев өзүнө-өзү абдан чоң жамандык жасап жатат. Ал өзүнүн кылмыштарынын санын көбөйтүп жатат, буга чейин 4-5 кылмыш ишинде фигурант болсо, азыр аларга кеминде үчөө кошулду: адам өлүмү, куралдуу топту уюштуруу жана бийликке баш ийбестик. Азыр ал эки нерсе кылышы керек. Биринчиси, өзүнүн жаш жигиттерин үйлөрүнө кайтарышы керек, аларда күнөө жок. Экинчиси – өз эрки менен суракка келиши керек. Эгерде ал өзү айткандай таптаза болсо, анда келип далилдеп берсин. Бир адам өлдү, экинчиси оор абалда жатат. Көптөгөн жарадарлар бар. Мен бул адамдын акыл-эси ордунда экендигинен күмөндөнүм турам. Ал акчасы көп, пистолети бар экенин айтып мактанды эле, көрсө тишине чейин куралданып алыптыр. Жөнөкөй пистолеттин огу адамдын денесин тешип чыгып кетпейт. Демек, ал балдарын куралдын ар кандай түрлөрү менен жабдыган. Ушуну менен 90-жылдардан баштап үчүнчү президент элди жаман көрсөтүп жатат.

 

Мен Алмазга кайрылам. Сен шылдың болгонуңду өз аракетиң менен кайра жууп тазалашың керек. Каршылык көрсөткөнүңдү токтоткун дагы, суракка кел. Эгер сен күнөөсүз экениңди мыйзам алдында далилдей алсаң, анда мен сүйүнөм, бирок азыр кубана турган нерсе жок, сен күнөөлүүсүң. Бүт дүйнө Кыргызстанда кайрадан кан төгүлүп жатканын көрдү. Мурда биз шериктеш болчубуз, бирок азыр мен сени колдобойс. Сен баары бир мыйзам алдында жооп бересиң. Качан гана ушул ой мээңе жеткенде, бардыгыбызга жеңил болот эле...