- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

 

 

- Кыргызстанда дайыма кен байлыктар боюнча чыр чыгып турат. Анткени, бийлик көпчүлүк учурда кен байлыктарды эл менен кеңешпейт туруп, чет элдик компанияларга чалгындоого, казууга уруксат берип, элдин  кызыкчылыгын эске албайт. Башкача айтканда, бир ууч адам пара алып, кен байлыкты казган чет элдик компанияларга болушунча жакшы шарт түзүп бергенге аракет кылат. Тиреш, жаңжал курчуган мезгилде  өз элин милиция менен урдурат. Чынында конституцияда кен байлыктардын ээси бийлик эмес, эл. Ошон үчүн кен байлыктарды иштетүүгө берип жатканда казган тараптын эмес, кен байлыктын ээсинин кызыкчылыгы биринчи орунга коюш керек. Кен байлыктар ошондой шартта берилгенде гана чыр чыкпайт жана маселе жаралбайт.

Бирок, бийлик маселени чечиш үчүн кенди иштеткен компания жана алардын иштешине каршы чыккан элди чогуу отургузуп, суроо жооп менен маселени чечкенди колго алышы керек. Эгер  андайга күчү жетпесе, анда кенди жабыш керек. Антпесе чыр чатак ырбап кетип, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге да чок салышы мүмкүн. Анткени, биздин бийликтегилер ишти профессионалдуу деңгээлде алып бара албай жатышат. Ошондуктан ушундай чыр-чатактар байма-бай орун алып жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити